Кадыровдун жашы жете элек уулдары Украинадагы согушка катышууда

Рамзан Кадыров

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жашы жете элек уулдары Украинадагы кеңири масштабдагы согушка катышып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналына жазды. Кадыровдун кичүү уулу 14, улуусу 16 жашта.

Чечен лидери уулдары Ахмат, Эли жана Адам "украин улутчулдары менен айыгышкан салгылашуу жүрүп жаткан сызыкта" экенин бышыктаган видеону жарыялады.

Тасмада бадалдардын арасында отурган аскер кийимчен уландар бутага ок атышат. Видео кайда тартылганы белгисиз. Үч мүнөттөй атышуу болуп жатканда кадр сыртында чеченче сүйлөгөн үндөр угулат.

Кадыровдун айтымында, уулдары "бир нече күндөн бери Ичкерия батальондорунун мүчөлөрүн издеп, чечен аскерлери жайгашкан жана алдыңкы турумдарда болушкан".

Октябрдын башында Чеченстандын башчысы жашы жете элек балдарын Украинадагы фронтко жөнөтөрүн билдирип: "Өздөрүн чыныгы салгылашууда көрсөтүүгө убакыт келди жана мен алардын бул каалоосун гана колдойм", - деген.

Ал балдары кичинесинен аскердик даярдыктан өткөнүн, күзүндө алар ар кандай курал-жарактарды колдонууну үйрөнүшкөнүн айткан.

Дагы караңыз

"Шахид 136". Украинаны бутага алган "жанкечти" дрондорАйдарбековду комитет төрагалыгынан алууга беш фракция макулдук берди