Кыргызстандын жети миллионунчу жараны төрөлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын калкы расмий түрдө жети миллионго жетти. Өлкөнүн жети миллионунчу жашоочусу бүгүн 19-октябрга караган түнү саат 2:10дө Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн уул бала болду. Бул окуяга байланыштуу президент Садыр Жапаров Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду жана саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованы кабыл алды.

Гүлнара Баатырованын маалыматы боюнча, 7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлдү. Апасы - Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.

Президент Садыр Жапаров. Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов. Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Президент Садыр Жапаров наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага чың ден соолук, узун өмүр каалады жана балага өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады.

Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранынын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.

Дагы караңыз Кыргызстандын калкы 7 миллионго жетти

Дагы караңыз

Эл аралык уюмдар Тажикстанды журналист Далер Имомалини бошотууга чакырдыКадамжайда ата-баланын киши колдуу өлүмүнө шектүүлөр изделип жататХерсондун тургундарын шаардан чыгып кетүүгө чакырган билдирүү тарады Али Хаменеини даңазалап ырдоодон баш тарткан кыз ооруканада каза болду