Баткен облусунун Кадамжай районунда ата-баланын киши колдуу өлүмүнө байланыштуу милиция Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгоду.
Тиешелүү экспертизалар дайындалганын милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, 29 жана 61 жаштагы жарандар Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылынын тургундары. Аларды 18-октябрдын түнү белгисиз адамдар атып кетишкен. Үйдүн 59 жаштагы кожойкеси сабалган. Кылмышка баргандар алардын сарайын өрттөп, короодо токтоп турган "Хонда-СРВ" автоунаасын да өрттөөгө аракеттенип, качып кетишкен.
Ата-бала ошол жерде каза болгон. Жараат алган аял райондук ооруканада жатат.
Кандуу окуянын чоо-жайын атайын түзүлгөн тергөө тобу иликтей баштады.(ZKo)
Дагы караңыз
Министр Бекболотов: Кыргызстан Беларустан абадан коргонуу комплексин сатып алатБишкек кыргыз-тажик чек арасына ЖККУнун бейпилдик күчтөрүн коюуну сунуш кылдыДепутат Айдарбеков президент менен жолугушканын айтты Учак кулаган Ейск району үч күндүк аза күтүүдөМилиция Өзгөндө "жол тосууга чакырыгы" үчүн эки жаран сурак бергенин билдирди Калың түшкөн кардан улам Кубакы ашуусу убактылуу жабылды