Зеленский Украинанын Казакстандагы элчисин кызматтан алды

Петр Врублевский жана Казакстандын Тышкы иштер министринин орунбасары Ермухамбет Конуспаев.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Казакстандагы элчиси Петр Врублевскийди кызматтан алды. Жарлык 18-октябрда президенттин кеңсесинин сайтында жарыяланды. Элчилик кызматка ким келери азырынча белгисиз.

Врублевский быйыл августта блогер Диас Кузаиров аттуу блогер менен маегинде Украинадагы согушту комментарийлеп: “Мүмкүн болушунча көп орустарды өлтүрүүгө аракеттенип жатабыз. Канчалык көп орусту жок кылсак, алар ошончолук азыраак балдарыбызды өлтүрүшөт”, - деген.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги элчи менен сүйлөшкөнүн, ал билдирүүсү үчүн кечирим сураганын билдирген. Орус тарап Врублевскийди Казакстандан чыгарууну талап кылган.

52 жаштагы Врублевский Украинанын Казакстандагы элчиси болуп 2020-жылы дайындалган.

Дагы караңыз

Кыргызстанда дагы 400 мектепте ысык тамак уюштуруу каралуудаОрусиялык футболчу Фейсбукту сотко берип, 65 млн. рубль доого жыкты Эркин медиага каршылар кимдер?