Калың түшкөн кардан улам Кубакы ашуусу убактылуу жабылды

Кубакы ашуусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Кубакы ашуусу аркылуу каттам аба ырайы калыбына келгенче жабылды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖККБ) маалымдады. Ага ылайык, Кубакы ашуусуна түшкөн кардын калыңдыгынан улам бардык унаалар үчүн каттам Балыкчы шаары аркылуу уюштурулууда.

Мындан тышкары Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Бишкек-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуулары аркылуу каттамда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөөлөр алына элек. Бул ашууларда жолду тазалоого керектүү техника тартылып, жолго кум-шагыл төгүлүп жатат.

Аталган мекеме тоолуу аймактарга жолго чыккан айдоочуларга чынжыр алып жүрүүгө, тыгын болгон учурда каршы тилкеге чыкпоого, атайын техниканын кыймылына тоскоолдук кылбоого чакырууда.

Унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу керек.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда дагы 400 мектепте ысык тамак уюштуруу каралуудаИран Орусияга учкучсуз дрондорду берүүгө макул болду"Ичиңди ким бирөөгө мүрзө кылба": Динар акындын ак ырларыОрусиялык футболчу Фейсбукту сотко берип, 65 млн. рубль доого жыкты Эркин медиага каршылар кимдер?АКШнын аскердик делегациясы Баткенге бардыКемпир-Абад боюнча курултайга катышкан эки адам милицияга чакыртылганы маалым болду