Милиция Өзгөндө "жол тосууга чакырыгы" үчүн эки жаран сурак бергенин билдирди

15-октябрда өткөн курултай. Кызыл-Октябрь айылы, Өзгөн.

Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын эки тургуну милицияга чакырылганы тууралуу түшүндүрмө берди.

Милициянын маалыматында 17-октябрдын кечинде Вотсаптагы "Кемпир-Абад кыргыз жери" деп аталган тайпада Кызыл-Октябрь айылынын тургундарын 18-октябрда саат 10:00дө Ош-Бишкек автожолун тосууга чакырып, аудио маалымат таратканы айтылат.

"Ал маалымат Өзгөн райондук милициясынын атайын журналына катталып, Вотсаптагы үндүн ээси аныкталган. Ага ылайык, 18-октябрь күнү Өзгөн райондук милициясынын тергөө кызматына Кызыл-Октябрь айылынын тургундары алып келинип, сурак жүргүзүлгөн. Алар телефондорундагы аудио жазмаларын тергөө кызматына өз ыктыяры менен тапшырган", - деп жазылган анда.

Маалыматта айтылгандай, сурак учурунда жарандарга жол тосууга мыйзам жол бербей тургандыгы жана жоопко тартылары жөнүндө түшүндүрүү иштеринен кийин үйүнө коё берилген.

Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн Кызыл-Октябрь айылынын эки аксакалы райондук милицияда суракта болгонун “Азаттык” радиосуна жергиликтүү тургундар билдирген.

15-октябрда Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Милицияда сурак берип чыккан эки тургун да ал курултайда болгон.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөйт. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган. (ZKo)

Дагы караңыз

Иран Орусияга учкучсуз дрондорду берүүгө макул болду"Ичиңди ким бирөөгө мүрзө кылба": Динар акындын ак ырларыОрусиялык футболчу Фейсбукту сотко берип, 65 млн. рубль доого жыкты Эркин медиага каршылар кимдер?Кыргызстанда дагы 400 мектепте ысык тамак уюштуруу каралуудаКемпир-Абад боюнча курултайга катышкан эки адам милицияга чакыртылганы маалым болду