ТИМ: Орусиядагы кыргызстандыктардан мобилизация боюнча расмий кайрылуу түшкөн жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жана башкы консулдуктарына, канцеляриясына кыргыз жарандарынан бул өлкөдөгү аскердик мобилизацияга байланыштуу расмий түрдө кайрылуулар түшкөн жок. Бул тууралуу 18-октябрда “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди.

Анын айтымында, кеп-кеңеш сурап телефон чалгандар гана болду.

«Жарым-жартылай мобилизациялоо Орусия Федерациясынын жарандарына гана тиешелүү экени белгилей кетүү зарыл. Андыктан Кыргызстандын жарандары Орусияда эч кандай мобилизацияга тартылбашы жана бул өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө чакырылбашы керек», - деди ал.

Орусия быйыл 24-февралда Украинага кол салгандан бери согуш уланууда. Өткөн айда орус президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын айрымдарынын орус жарандыгы бар. Мобилизациядан качып Кыргызстанга кайтып жаткандар арасында орусиялыктар да, орус жарандыгын алган кыргызстандыктар да бар. (RK)

Дагы караңыз

ИИМ Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылганын билдирдиАягы жок аткезчилик: Баткенде кармалган миллиондорБеларус Орусия менен кошмо аскердик машыгууларды өткөрөт"Ичиңди ким бирөөгө мүрзө кылба": Динар акындын ак ырлары