Эстониянын парламенти Орусиянын саясий режимин террордук деп тааныды

Украина менен Эстониянын желектери

Эстониянын парламенти (Рийгикогу) Украинага аскердик баскынчылык кылганы жана оккупацияланган аймактардын аннексияланышынан улам Орусиянын саясий режимин террордук режим деп тааныды. Резолюцияны 88 депутаттын баары колдоду.

Эстон өкмөтү Украинада Орусия өткөргөн “жасалма референдумдардын” жыйынтыгын эч качан тааныбай турганын маалымдады. "Путиндин режими өзөктүк курал менен коркутуп, Орусияны Европадагы жана дүйнөдөгү тынчтык үчүн эң чоң коркунучка айлантты", - деп айтылат депутаттардын билдирүүсүндө.

Рийгикогу президент Владимир Путин жарыялаган мобилизацияны айыптап, аны "тынчтыкка каршы кылмыш" деп атады.

Эстония өкмөтү Орусияны БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү макамынан ажыратып, Украинага Евробиримдиктин өлкөлөрүнөн жана НАТОго мүчө мамлекеттерден келген аскердик жана гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө чакырды.

Август айында Латвия Орусияны терроризмди колдогон мамлекет катары тааныган.

Дагы караңыз

ИИМ Алмазбек Бейшеналиев үй камагына чыгарылганын билдирдиАягы жок аткезчилик: Баткенде кармалган миллиондорБеларус Орусия менен кошмо аскердик машыгууларды өткөрөт