Мадриддин "Реал" жана Франция курама командасынын чабуулчусу Карим Бензема 2021-2022 сезонунун жыйынтыгында "Алтын топту" жеңип алды. Франциянын France Football гезитинин сыйлыктарын тапшыруу аземи 18-октябрга караган түнү Парижде өттү.
Жылдын мыкты дарбазачысы үчүн Лев Яшин атындагы сыйлыкты Бенземанын командалашы, "Реалдын" дарбазачысы Тибо Куртуа алды.
Ошондой эле "Барселонанын" жарым коргоочусу Гави жылдын мыкты жаш оюнчусу аталды. Мурда "Баварияда" ойногон чабуулчу Роберт Левандовски мыкты чабуулчу болду.
"Барселонанын" жарым коргоочусу Алексиа Путеллас аялдар арасындагы "Алтын топту" экинчи жолу катары менен жеңип алды.
Англиялык "Манчестер Сити" сезондун мыкты командасы деп табылды.
Дүйнөдөгү эң атактуу футболчулардын бири Криштиану Роналду быйыл 20-орунду ээледи. ПСЖ чабуулчусу Лионель Месси быйыл талапкерлердин тизмесине кирген эмес.
Быйыл биринчи жолу "Алтын топ" календарлык жылда эмес, бир сезондогу көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы боюнча ыйгарылды.
"Ачык Time" подкастын угуңуз
Жашыл планета: журналистиканын экологияга кошкон салымы Калабадагы журналистика: чек арадагы апааттын таасири Түштүк Корея: сапардан кийинки таасирлерСамарканд саммити: көзөмөлгө алынган кабарчылар