Мектептерди 12 жылдык окутуу системасына өткөрүү маселеси бүгүн 17-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде көтөрүлдү. Азия өнүктүрүү банкынын долбоору боюнча келишим талкууланып жатканда депутат Жылдыз Таалайбек кызы («Ишеним») аталган документти сынга алып, анда эгер Кыргызстан 12 жылдык системага өтпөсө акчанын экинчи бөлүгү берилбейт деген шарт жазылып калганын айтты.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова “Секторду өнүктүрүү программасы: Мектептеги билим берүүнү реформалоо” долбоору алкагында Азия өнүктүрүү банкы грант жана насыя түрүндө 40 миллион доллар берерин, биринчи компоненти боюнча математика жана инженерия багыттарына, экинчиси боюнча жогорку окуу жайларынын окутуучуларын даярдоо системасын реформалоо каралганын билдирди.
Депутат Жылдыз Таалайбек кызы министрлик жалган маалымат берип жатканын, гранттык макулдашууну кылдат карап чыгуу керектигин, анда баары так жазылганын, депутаттар макулдугун берип койсо ратификация болгондон кийин аны өзгөртүү мүмкүн болбой каларын белгиледи.
Надира Жусупбекова парламенттик комитетке келер алдында банктын өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөнүн, анда ар бир депутаттын айтканы эске алынары тууралуу сөз болгонун айтты.
«Анда экинчи траншын 12 жылдык окутуу киргизилгенден кийин гана берет деген жерин өзгөртүңүздөр. Ошондо биз карап көрөбүз», - деген депутат адегенде бардык мектептерди иретке келтирип алуу керек экенин, айылда мектеп имараттары оңдоп-түзөөгө муктаж болуп, мугалим жетишпей жатканын мисал келтирди.
Кыргызстанда мектептерди 12 жылдыкка өткөрүү тууралуу алгач быйыл апрель айында айтылган. Анда ошол кездеги министр “Фейсбук” аркылуу билдирүү жазып, балдар мектепке алты жаштан бара баштай турганын, ошондо система эл аралык стандартка шайкеш келтирилерин билдирген. Анын бул сунушу коомчулукта түрдүү реакция жараткан. Көпчүлүк ата-энелер каршылыгын билдирип, мамлекет алгач мектептердин азыркы абалын жакшыртып, билим берүүнүн сапатын жогорулатып алып, андан кийин гана 12 жылдык тууралуу сөз кылса оң болорун айтышкан. (RK)
Дагы караңыз
Ташкент Астанадан каракалпакстандык активистти сурадыГрузия орус жарандары үчүн "либералдуу виза режимин" өзгөртүшү ыктымалМобилизация: Орусиянын полигонундагы кыргынАт-Башыда "Элитанын" түшүмү мол, баасы арзан