УКМК: Баткенде Тажикстандан 2,75 млн доллар ташып келаткандар кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде Тажикстандан аткезчилик жол менен ири суммада чет өлкөлүк валюта алып чыгууга шектелген төрт адам кармалганын 17-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 15-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айылында болгон.

Аткезчилик менен алектенип жүргөн адам катары таанымал жергиликтүү тургундун машинасынан Тажикстандан ташылып келаткан деген 2 млн 750 миң доллар табылган.

Кылмышка шектүү катары жалпысынан төрт адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМКнын Баткен боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү кылмыш ишин Кылмыш-жаза кодексинин “Экономикалык контрабанда” беренесинин негизинде козгоп, тергөө жүргүзүп жатат.

Дагы караңыз

Белгород: полигондогу атышууда каза тапкан тажик мигрантынын тек-жайы аныкталды "Бакиевге парламент депутаттары катуу кызмат кылган"​ЮНИСЕФ: согуштун айынан жакырчылыкта жашаган балдар көбөйдүАстана бийлиги Назарбаев ачкан мечитти эстеликтер тизмесине киргизүүнү көздөйт