Жалал-Абад облусунун Сузак районунда селден жабыркаган сегиз үй-бүлөгө жаңы салынган үйлөрдүн ачкычтары берилди.
Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылынын тургундарынын турак жайлары былтыр селден жабыркап, жараксыз болуп калган. Алардын ичинде үй курууга чамасы жетпеген сегиз үй-бүлө бир жылдан бери вагондо жашап келишкен.
Аларга жер тилке бөлүнүп, үй куруу үчүн мамлекет 5,6 млн. сом берген. Облустук бийликтин маалыматына караганда, аймактагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы да которулган. Жалпысынан сегиз үйдү курууга 12 млн. сом акча каражаты жумшалганы айтылды.
2021-жылдын 20-июлунда Сузактын Кара-Дарыя айыл аймагындагы 500дөй үйдү сел каптап, бир жаран каза тапкан. Тилсиз жоодон 44 үй жашоого кооптуу деп табылган. (ТВ)
Дагы караңыз
ӨКМ: Арал капчыгайында жоголгон орусиялыктар табылдыАба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайтТегеран Ирандагы толкундоолорго байланыштуу Байденди сындадыОрусия Украинанын шаарларына сокку урууну улантууда