BBC: Орусиянын Украинадагы жоготуулары 7,5 миңден ашты

Донецк облусунда ташталган орус танкынын үстүндөгү украин желеги.

Би-Би-Синин орус кызматы менен Mediazona басылмасынын биргелешкен иликтөөсүнө ылайык, Орусиянын Украинага аскерий чабуулу башталгандан бери 7502 орус аскери жана офицери өлгөнү тастыкталган.

Согушта Орусия 21-сентябрь, мобилизация жарыялангандан бери кеминде 11 киши каза болуп, орус аскерлеринин элиталык бөлүктөрү чоң жоготууга учурап жатканы айтылууда.

Изилдөө облустук бийликтердин жана билим берүү мекемелеринин билдирүүлөрүнүн, каза болгондордун жакындарынын жергиликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюларынын негизинде түзүлгөн.

Ошол эле учурда региондордо өлгөндөрдүн бардыгы тууралуу маалымат берилген эмес. Орус көрүстөндөрүндө көмүлгөндөрдүн санына караганда, орусиялыктардын чыныгы жоготуулары болжол менен эки эсе көп болушу мүмкүн. Акыркы бир ай ичинде Калининграддагы Медведевкадагы көрүстөндүн аскер аллеясында бир нече жаңы мүрзөлөр пайда болду. Украинага масштабдуу чабуул башталгандан кийин каза болгон 29 жоокердин 11инин, башкача айтканда, 38 пайызынын аты-жөнү ачык айтылган эмес.

"ДЭР" жана "ЛЭРде" өлгөндөр тууралуу иликтөөдө белгиленген эмес. "ЛЭРдин" бийлиги жоготуулар тууралуу маалыматтарды жарыялай элек. Өзүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алгандар ("ДЭР") октябрдын башында 3285 аскер кызматкери өлтүрүлгөнүн кабарлаган.

14-октябрга карата журналисттер мобилизация болгон 11 кишинин каза болгонун тактай алды. Алардын көбү даярдоо пункттарына 25-28-сентябрда келген. Демек, машыгуулар жети-он күндүк болгон.

Мобилизация болгондордун керектүү даярдыксыз фронтко жиберилишинин себептери болуп фронттогу оор кырдаал, украин аскерлерин алдыга ыкчам жылышы, бөлүктөрдүн жетишсиздиги, Коргоо министрлигинин окуу борборлорунун начар абалы саналат.

Мындан сырткары кеминде аскерге чакырылган 18 киши Орусиянын аймагындагы пункттарда каза болгон.

Белгилүү болгондой, каза болгондордун 2200ү атайын күчтөрдүн жоокерлери жана офицерлери, деңиз аскерлери жана учкучтар, аларды даярдоо көп жылга созулуп, эбегейсиз чыгымдарды талап кылат. Каза болгондордун 17% аскер кызматкерлери, төрт генерал жана 39 полковник набыт болгон.

Аймактар арасында каза болгондордун саны боюнча мурдагыдай эле Дагестан алдыда (319 адам), экинчи орунда Краснодар крайы (303 адам), үчүнчү орунда Бурятия (297 адам) турат.

  • Орусиянын Коргоо министрлиги жоготуулар тууралуу акыркы жолу мобилизация башталган күнү – 21-сентябрда маалымат берген. Коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, жоготуулар ошол учурда 5937 адамды түзгөн. Орус бийлиги мобилизациянын аркасы менен 300 миң кишини тартуу ниетин билдирген. Британ чалгын кызматы сентябрда орусиялыктардын жоготуусун 25 миң киши, Украинанын Башкы штабы 60 миңге жакын адам деп баалаган.

Дагы караңыз

Президент Жапаров чек арадагы талашты тынч жол менен чечүү керектигин айтты2023-жылы КМШ уюмуна Кыргызстан төрагалык кылатАба ырайы: күн жылуу болотМашинелерге милдеттүү видеокаттоо орнотуу жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлдуАлматыда Путиндин Казакстанга сапарын сындаган активист 15 суткага камалды