Журналисттер союзунун төрагасы Султанбаев “Азаттыкка” айтылган дооматтарды негизсиз деп атады

Абдыкадыр Султанбаев.

Кыргызстандын Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев “Азаттык” радиосунун дарегине айтылган дооматтар негизсиз деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн 14-октябрда билдирди:

“Кыргызстандын жетишкендиги – бул демократия жана сөз эркиндиги. Мындай мамлекеттерде сөз эркиндигине эч кандай чектөө же кысым болбошу керек. “Азаттык” радиосунда мен тааныган, мен билген журналисттер эмгектенишет. Алар өз уктурууларында дайым журналистиканын эл аралык стандарттарын, принциптерин бекем карманышат. Ошондуктан “Азаттыкка” айтылган дооматтар негизсиз деп ойлойм”.

13-октябрда Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдында “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын талап кылгандар акцияга чыккан. Бул акция Жогорку Кеңеште депутат Надира Нарматова көз карандысыз үч медианы жабуу боюнча кол топтоп жатканы айтылган учурга туш келди. Депутат өзү мындай маалыматты четке кагууда. Парламентте жана коомчулукта сөз эркиндигине карата кысым күчөгөнү айтылып, эркин медиага чагым сынга кабылды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөдү. (RK)

Дагы караңыз

Бишкек-Ош жол кырсыгында жети адам мерт болдуБишкек Баткенге убактылуу контейнер үйлөрдү жөнөтө баштадыОрусия менен энергетика боюнча кызматташтык тууралуу келишим кабыл алынды Николаев шаарын ракетадан аткылоодон беш адам мерт кетти