13-октябрда Бишкек-Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда "Хонда" жана "Мерседес" автоунаалары кагышып, жети адам мерт болду.
Жалал-Абад облустук Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖККБ) маалымдагандай, эки унаада жалпы тогуз жүргүнчү болгон. Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.
ЖККБнын 13-октябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыктарынан 477 адам набыт болду. Анын ичинде 79 бала бар. 7888 киши, анын ичинде 1672 бала түрдүү жараат алган.
Быйылкы тогуз айда жалпы 4972 жол кырсыгы катталган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу азыраак. Былтыркы тогуз айда 5426 жол кырсыгы катталып, 610 киши мерт болгон, анын 83ү балдар.(ZKo)