Орусия менен энергетика боюнча кызматташтык тууралуу келишим кабыл алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Орусиянын электр тармагындагы эки ишканасынын ортосунда кабыл алынган кызматташтык тууралуу келишим алкагында Кыргызстандын электр энергетикалык системасын өнүктүрүү долбоорлору ишке ашырылат. Бул тууралуу 13-октябрда Орусиянын “Россети” ишканасы билдирди.

Узак мөөнөттүү стратегиялык кызматташтык боюнча келишимге “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы менен “Россетинин” жетекчилери Алтынбек Рысбеков жана Андрей Рюмин Москвада өткөн “Орусиянын энергетикалык жумалыгы” алкагында кол коюшту.

Келишим инфраструктура түзүү, модернизациялоо, тажрыйба алмашуу, электр түйүндөр комплексин санарипке өткөрүү, инновациялык ыкмаларды колдонуу иштерин жүргүзүүгө багытталары белгиленди.

Кыргызстандын Орусия менен энергетика тармагында кызматташуу тууралуу буга чейин пландалган бир долбоору ишке ашпай калган. Ага ылайык орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак. (RK)

Дагы караңыз

Николаев шаарын ракетадан аткылоодон беш адам мерт кеттиЖейми Флай “Азаттык” радиосуна каршы коркутууну иликтөөгө чакырдыИИМ автоунаа эвакуациялаган ишкана менен келишимин узартпайтФранция Германияга жаратылыш газын бере баштады