Баткен: Кыйроолордун чыгымы кеминде 8 миллиард сом деп эсептелди

Кыйраган үйдүн ордуна жаңы үй курулуп жатат. Ак-Сай, Баткен. Октябрь 10, 2022

Кыргыз-тажик чек арасында сентябрда болгон окуядагы кыйроолордон Кыргызстан тарткан зыяндын суммасы 8-8,5 миллиард сомдон (100 миллион долларга жакын) аша тургандай болуп жатканын 13-октябрда “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди:

“Бул жер которууга мажбур болгон 150 миңдей адамды эсептебегенде. Үй-имараттарды, инфраструктураны кайра ордуна келтириш үчүн. Өзүбүздө резерв болгондуктан 3 миллиардын которуп койдук. Элден чогулган акчаны да бөлүштүрүп жатабыз элдикин элге берели деп – 320 миллион сомдон ашык”.

Жапаров Баткен боюнча комиссиянын экинчи отуруму келерки жумада жеринде өтөрүн, суук түшкөнчө элди үйүнө киргизүү планы коюлуп жатканын кошумчалады.

Анын айтымында, үйлөрдү эки айда “сенвич панел” ыкмасы менен куруп берүү пландалып жаткан, бирок жергиликтүү тургундар пайдубалы куюлуп, кирпич менен, үстүн күйбөгөндөй кылып бетондоп куруп берүүнү өтүнүп жатышкандыктан буга убакыт талап кылынат.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон, алардын 6 миңдейи бүгүнкү күндөрдө атайын жайларда жа башкалардын үйүндө жашап жатышат.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 81 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)

Дагы караңыз

Украин эли жана президент Зеленский Сахаров атындагы сыйлыкка көргөзүлдүЭркин медиага каршы митинг кимдин буюртмасы?Акылбек Жапаров: Биз сөз эркиндигин толук колдойбуз Остин: Вашингтон НАТОнун ар бир карыш жерин коргойт