Тажик прокуратурасы журналист жана блогер Далер Имомалини 10 жарым жылга эркинен ажыратууну сурады. Ал "кылмыш жөнүндө жалган маалымат берген, мыйзамсыз ишкердик менен алектенген, тыюу салынган уюмдун ишине катышкан" деп айыпталууда.
Журналист айыптарды четке кагып, мыйзамсыз ишкердик кылганын гана моюнуна алган.
“Озоди” радиосу өз булактарына таянып жазгандай, кийинки отурумда сот Имомалинин акыркы сөзүн укмакчы.
Журналистти 15-июнда кармап кетишкен. Көп өтпөй ал Ютубдагы материалдары үчүн алган кирешеден салык төлөгөн эмес деп шектелгени маалымдалган. Кийин жогоруда сөз болгон айыптар тагылган. Анын кылмыш иши “жашыруун” деген гриф менен каралып жатат.
Акыркы үч айда Тажикстанда жети блогер жана журналист камалды. 4-октябрда Имомали менен бирге репортаждарды даярдап жүргөн Абдулло Гурбати жети жарым жылга кесилген. Алар акыркы мезгилде социалдык темалар тууралуу видео материалдарында айрым аткаминерлерди сынга алышкан.
Эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттердин кармалышын айыптап, тажик бийлигин сөз эркиндиги чөйрөсүндө өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууга, журналисттерди куугунтуктоону токтотууга үндөп жатат.
Расмий Дүйшөмбү ал чакырыктарга жооп берген жок.
Дагы караңыз
Баткен: Кыйроолордун чыгымы кеминде 8 миллиард сом деп эсептелдиКыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштадыУкраин эли жана президент Зеленский Сахаров атындагы сыйлыкка көргөзүлдүАкылбек Жапаров: Биз сөз эркиндигин толук колдойбуз Кворумдан улам парламенттин түштөн кийинки жыйыны болбой калды