Украин эли жана президент Зеленский Сахаров атындагы сыйлыкка көргөзүлдү

Европа парламенти

"Украинанын эр жүрөк эли" жана президент Владимир Зеленский Андрей Сахаров атындагы сыйлыктын талапкерлер тизмесине кирди. Евробиримдиктин адам укуктары чөйрөсүндөгү негизги сыйлык "ой жүгүртүү эркиндиги" үчүн жыл сайын ыйгарылат.

Талапкерлердин тизмеси шаршембиде Европарламентте жарыяланды. Алар депутаттардын фракциялары жана топтору тарабынан көрсөтүлөт. Зеленский жана украин эли бир нече номинацияда аталды. Депутаттар украиндердин орус агрессиясы алдындагы тайманбастыгын, европалык баалуулуктарга берилгенин белгилешти.

Зеленскийдин талапкерлигин сунуш кылган европалык консерваторлор фракциясы аны "украин элинин жүзү" деп атады.

Башка талапкерлер арасында WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү, учурда британ түрмөсүндө отурган Жулиан Ассанж, колумбиялык укук коргоо уюму, бразилиялык активист Соня Гуажажара, Al Jazeera телеканалынын Иордан дарыясынын батыш жээгинде каза тапкан кабарчысы Ширин Абу Акле бар.

Жеңүүчү эмки аптада, 19-октябрда аталмакчы. Ал эми сыйлык тапшыруу аземи 14-декабрда өтөт. Былтыр бул сыйлык орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйга берилген. Колонияда отурган атасынын ордуна сыйлыкты кызы жана үзөңгүлөштөрү алган.

Сыйлык советтик физик, диссидент, укук коргоочу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Андрей Сахаровдун урматына 1988-жылы негизделген.

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров: Биз сөз эркиндигин толук колдойбуз Остин: Вашингтон НАТОнун ар бир карыш жерин коргойтЭркин медиага каршы митинг кимдин буюртмасы?Кворумдан улам парламенттин түштөн кийинки жыйыны болбой калды