АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Вашингтон НАТОнун ар бир карыш жерин коргоого дилгир деп кайталады. Мындай билдирүүнү Пентагондун башчысы альянстын 13-октябрда Брюсселде башталып жаткан жыйынынын алдында жасады. Анын алкагында Өзөктүк пландоо тобу жабык эшик артында талкуу өткөрмөкчү.
Орусиянын президенти Владимир Путин аскерлери Украинадагы согушта чегинип жаткан маалда атомдук курал колдонуу ыктымалдыгын кыйытып келатат.
НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынын утурлай блокко кирген 13 өлкө жана уюмга кошулуу жараянын баштаган Финляндия абадан коргонуу системаларын сатып алуу ниети тууралуу биргелешкен катка кол койду.
Алардын айрымдары Орусия Украинага басып киргенден кийин өздөрүнүн системаларын жакшыртууну көздөсө, башкалары Киевге берген куралдын ордуна алдыңкы жабдууларды алууну максат кылат.
Шаршембиде 50 мамлекет кирген Украинаны коргоо тобу Брюсселдеги жолугушууда Киевге абадан коргонунун жаңы системалары берилерин, орус ракеталарынын туш келди чабуулдарынан коргонуу үчүн кошумча жардам бөлүнөрүн жарыялады.
Остин Орусиянын соңку аткылоолору анын “жаалдануусун жана ырайымсыздыгын” ачыкка чыгарганын белгилеп, сентябрдан бери украин армиясы чоң ийгиликтерге жетишкенин, бирок алар жардамга муктаж экенин айтты.
Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү Орусия Украин аймагын ракеталар менен жапырт аткылаган. Алар негизинен энергетика объектилерин бутага алган.
Дагы караңыз
Эркин медиага каршы митинг кимдин буюртмасы?Кворумдан улам парламенттин түштөн кийинки жыйыны болбой калды Эркин медиага каршылар кимдер?Бишкекте "Азаттык" баштаган медиаларды жабууну талап кылган митинг болдуАли Токтакунов "Азаттыктын" алдындагы акцияны "ууру митинг" деп атады