Шаршембиде кечинде Пакистанда суу ташкындан эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтып келаткан автобустан өрт чыгып, бери дегенде 18 киши өмүрүнөн ажырады. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун аймактагы кабарчылары маалымдагандай, окуя Синд чөлкөмүндө, Карачи порту менен Хайдерабад шаарларын туташтырган кан жолдо болгон.
Полиция жана күбөлөр набыт болгондордун арасында 8 жашы жетелек бала бар экенин айтып беришти. Дагы он чакты киши жараланды. Автбуста 35 киши бараткан.
Кырсыктын себеби азырынча тактала элек. Полициянын божомолунда өрт автобустун арткы бөлүгүндө тутанып, бүтүндөй унааны каптаган.
Пакистанда июнь айынан бери тынбай жааган нөшөрдөн улам суу ташкыны жүрүп, 1400дөй адамдын өмүрүн алды. 13 миң киши жаракат алып, миллиондогон адам үй-жайсыз калды. Көбү коопсуз аймактарга көчүрүлгөн. Суу ташкыны сентябрда басаңдады.
Дагы караңыз
Эрдоган: Түркия Казакстандын суверенитетин колдоону улантатИранда демонстрацияларга катышкан окуучулар лагерлерге айдалдыСадыр Жапаров айрым аймактык уюмдардын кайдыгерлигине нааразыБишкекте "Азаттык" баштаган медиаларды жабууну талап кылган митинг болдуТемир Сариев: "Азаттыкка" сындан корккондор асылып жатат