ИИМ: Кыргызстанда тогуз айда жол кырсыгынан 477 адам мерт болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыктарынан 477 адам набыт болду. Анын ичинде 79 бала бар. 7888 киши, анын ичинде 1672 бала түрдүү жараат алышкан.

Бул маалыматтарды Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Манас Сыдыгалиев бүгүн, 13-октябрда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери жалпы 4972 жол кырсыгы катталган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу азыраак. Былтыркы тогуз айда 5426 жол кырсыгы катталып, 610 киши мерт болгон, анын 82ү жаш балдар.

Сыдыгалиев мас абалында автоунаа айдаган айдоочуларга жазаны катаалдаштыруу боюнча сунуштар берилип жатканын кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, алкоголдук ичимдик ичип, унаа айдагандар айдоочулук күбөлүгүнөн үч жылга ажыратылат. Бул аралыкта дагы мыйзам бузса, 10 жылга айдоочулуктан ажыратылат.

Эгерде айдоочу мас абалында адам өлүмүнө алып келген кырсыкка себепкер болсо, унаасы алынып, күбөлүгү жокко чыгарылат жана өмүр бою автоунаа айдоо укугунан ажыратылат.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, беш жолу же андан ашык ирет жол эрежесин бузган шоопурлар кайталап айдоочулукка сынак тапшырат.

2021-жылы жети миңге жакын жол кырсыгы катталып, 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган.

Милициянын байкоосуна ылайык, авариялардын 92,4% айдоочулардын күнөөсү менен болот. Жол кырсыгында набыт кеткендердин 70 пайызы 25тен 40 жашка чейинки курактагылар (ZKo)

Дагы караңыз

Жапаров: Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого чогуу жетишебизМектептерге “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы боюнча окуу китептери түштүТранспорт көйгөйү: жол кирени көтөрүү сунушталдыКыргыз-Азери сейил багы: Бакудан Бишкекке белекБаткен: Жабыркагандардын насыя көйгөйү парламентте көтөрүлдү