Ала-Бука: Алтын кенинде ууланган 10 бейтап үйүнө чыгарылды

Чаткалдагы шахта. (Сүрөт ӨКМдин тасмасынан алынган)

11-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы алтын кендеринин биринде иске ууланып, ооруканага түшкөн 10 адамдын абалы канааттандырарлык. Алар баары тең дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, жардам алган соң үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу 12-октябрда аймактык оорукананын жетекчисинин орун басары Өмүралы Жээнтаев “Азаттыкка” билдирди.

"Ооруканага иске ууланып жалпы 11 адам түшкөн. Алардын бири жолдо үзүлүп кеткен экен, түз эле өлүкканага жиберилген. Калган 10 бейтаптын алтоо биринчи жардам алгандан кийин кеткен, калган төртөө тиешелүү дарыларды алып, түндө чыгып кетишти. Баары иске ууланган".

Ала-Букадагы алтын кендеги кырсык 11-октябрдын түнү болгон. Маалыматка караганда, 37 жана 24 жаштагы эки адам иске ууланып каза болгон. Үч киши Ала-Бука аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ууланган адамдардын баары Ала-Бука жана Чаткал райондорунун тургундары. Милиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

Жергиликтүү тургундар каза болгондор жана ооруканага түшкөндөр Иштамберди алтын кенин иштеткен кытайлык "Фул Голд Майнинг" компаниясынын жумушчулары экенин айтышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-октябрда түнкү саат 02:30га жакын кен казуучу ишкананын инженери шахтанын ичинде газ чыкканын айтып кайрылганын, анын ичинде калгандарды куткарууга тогуз куткаруучу тартылганын билдирген.

“Фул Голд Майнинг” компаниясы Иштамбердиде 2011-жылдан баштап иштейт. Аталган кенде 40 тоннага жакын алтындын кору бар. (ТВ/ZKo)

Дагы караңыз

Депутат камактагы активисттин ишине киришүүгө чакырдыМэрия Баткенде курман болгон аскердин атын көчөгө берүүгө макул болгон жокПарламентте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе көтөрүлдүАстанада Борбор Азиянын санариптик соода форуму өтүүдө Зеленский “Чоң жетинин” өлкөлөрүн Орусияны толук изоляциялоого чакырдыАлиевдин сапары: өнүктүрүү фонду, аба каттамы жана топоз экспорту Кыргызстан БУУнун Адам укуктары кеңешине мүчө болуп шайланды