Укук коргоочу Камил Рузиевди актаган өкүмдү облустук сот жокко чыгарды

Камил Рузиев сотто.

Ысык-Көл облустук соту жергиликтүү укук коргоочу Камил Рузиевди "Документтерди жасалмалоо" беренеси боюнча айыптуу деп таап, 80 миң сом доо айып салды. Бул чечими менен облустук сот укук коргоочуну актаган Каракол шаар сотунун чечимин жокко чыгарды.

Каракол шаардык соту 12-августта Камил Рузиевди "ишинде кылмыштын курамы жок" деген негизде актаган.

Ага карата кылмыш ишин токтотуу тууралуу жергиликтүү жана эл аралык уюмдар дагы кайрылуу таратышкан.

Шаар сотунун чечимине каршы болгон прокуратура облустук сотко кайрылган.

Рузиев Караколдогу "Вентус" укук коргоо уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү.

Укук коргоочу 2020-жылы 30-майда "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыккан. Кийин анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынган.(ZKo)

Дагы караңыз

Депутат камактагы активисттин ишине киришүүгө чакырдыМэрия Баткенде курман болгон аскердин атын көчөгө берүүгө макул болгон жокПарламентте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе көтөрүлдүБаткен: эвакуация болгондордун 6 миңге жакыны үйлөрүнө кайта элекАстанада Борбор Азиянын санариптик соода форуму өтүүдө