Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе 12-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Исхак Масалиев чек ара документтери парламенттик комитетте каралганда мыйзам бузулганын айтып, кийин чоң маселе жаралышы ыктымал экенин эскертти:
“Комитеттин жыйыны мыйзам талаптарын бузуу менен өткөн болчу. Себеби каралган маселенин кагаздары үч күн мурда берилиши керек эле. Келечекте бул чоң маселе туудурушу мүмкүн”
Депутат Жаныбек Кыдыкбаев кооптонууга негиз жок деген пикирин билдирди:
«Кээ бир коллегаларыбыз элди дүрбөлөңгө салып, «Өтүп кетти, кетти» деп эле жатышат. Мамлекет чечет да муну. Мамлекет чечсин. Ошого ынаналы».
Депутат Адахан Мадумаров "Өткөрөсүңөрбү, өткөрбөйсүңөрбү, бардык нерсе мыйзамдын чегинде болсун деген маселе. Колуңарга кармабай, окубай туруп добуш берген туура эмес деген маселе. Анын эмнеси дүрбөткөн? Биз мыйзам чыгаруу бутагыбыз. Эгер биз мыйзамды тебелесек, эч кимден мыйзамдуулукту талап кылганга укугубуз жок".
10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырды. Эми документке эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. Жыйын жабык өткөн. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атаган. (RK)
Дагы караңыз
Баткен: эвакуация болгондордун 6 миңге жакыны үйлөрүнө кайта элекАстанада Борбор Азиянын санариптик соода форуму өтүүдө Лукашенко Тажикстанга расмий иш сапар менен барды Зеленский “Чоң жетинин” өлкөлөрүн Орусияны толук изоляциялоого чакырды