11-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 14 мамлекетти Адам укуктары кеңешине мүчө кылып шайлады. Кыргызстанды колдоп 126 өлкө добуш берди.
The United Nations🇺🇳 General Assembly has elected #Kyrgyzstan🇰🇬 as a member of the #HumanRights Council for the term 2023-2025 ➡️https://t.co/TAZ7ROnFhk pic.twitter.com/BEUP0VSUZk
— UN Human Rights Council (@UN_HRC) October 11, 2022
Адам укуктары кеңешине 47 мамлекет мүчө, алар түздөн түз жана Башкы ассамблеяда жашыруун добуш берүү аркылуу тандалат. Бул жолу беш чөлкөмдүк топ 17 талапкер көрсөткөн. Азия жана Тынч океаны чөлкөмүнөн төрт орун үчүн алты мамлекет Кыргызстан, Ооганстан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив, Корея Республикасы ат салышты.
Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йоркто Башкы ассамблеяда сүйлөгөн сөзүндө дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстандын талапкерлигин колдоого үндөгөн.
Дагы караңыз Президент Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында кыргыз-тажик чек ара маселесин көтөрдүАдам укуктарын, эркиндигин коргоону жана демократиялык өнүгүүнү илгерилетүү үчүн глобалык алкакта иш жүргүзгөн кеңештин мүчөлөрү үч жылга шайланат. Кыргызстан өз милдетине 2023-жылдын 1-январынан тарта киришет. Буга чейин Адам укуктары кеңешине эки жолу 2009-2012-жылдары жана 2016-2018-жылдары шайланган.