Илхам Алиев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барды

Илхам Алиев "Ата-Бейитке" барды. 11-октябрь 2022

Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Азербайжандын президенти Илхам Алиев "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ал 1916-жылкы каргашалуу окуялардын натыйжасында каза болгондордун эстелигине жана сталиндик репрессиянын курмандыктарынын эстелигине гүлчамбар коюп, ошондой эле кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине таазим этип, бейитине гүл койду.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагасы Бакыт Төрөбаев катышты.

Илхам Алиев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга бүгүн, 11-октябрда келди. Аны "Манас" эл аралык аба майданынан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат.

Мындан тышкары “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот. (КЕ)

Дагы караңыз

Чек ара жаңжалында жабыр тарткан эки айыл жаңыдан курулатКыргызстандын элчиси Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды600дөн ашуун адам "Санарип көчмөн" макамын алуу үчүн кайрылганы айтылдыОрусия Украинанын шаарларына жапырт сокку урууну улантты