Кыргызстандын Москвадагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденконун кабыл алуусунда болгону маалымдалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайты жазды.
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн мамилесин жана Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмундагы (ЖККУ) кызматташтыкты талкуулашты.
"Орусия менен Кыргызстандын бүгүнкү геосаясий катаал шарттагы өнөктөш мамилесинин мааниси тууралуу сөз болду", - деп жазылган маалыматта.
Кыргызстандын элчилиги азырынча бул жолугушуу тууралуу маалымат бере элек.
10-октябрда Кыргызстан ЖККУнун Тажикстанда өтүп жаткан аскердик машыгуусуна катышпасын билдирген.
Коргоо министрлиги тараткан маалыматта “Биз мурдараак ЖККУнун “Рубеж-2022” аскердик машыгуусуна катышууну пландаганбыз. Бирок азыр андан баш тартууну чечтик. Бул Кыргызстандын позициясы” деп айтылат.
Мындан тышкары Кыргызстан 2022-жылдын октябрь айында өз аймагында белгиленген ЖККУнун "Бузулбас боордоштук - 2022" машыгуусун өткөрүүдөн да баш тартуу чечими кабыл алынганын кабарлаган. ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн командалык-штабдык машыгуусу 10-14-октябрда Балыкчынын жанындагы “Эделвейс” полигонунда өтмөк.
1992-жылы негизделген ЖККУнун курамына алты өлкө Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.(ZKo)
Дагы караңыз
Кагазда калган ЖККУнун тагдыры талкууда Кыргызстан ЖККУнун Тажикстанда өтө турган машыгуусуна катышпайтБУУнун чукул жыйынында Украина Орусияны "террорчу" деп айыптады Кытай жана Индия Орусиянын Украинаны аткылоосун сынга алдыБританияда жаныбарлардын, бак-дарактардын укугун мыйзамга киргизүү сунушталдыТажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча комиссиянын жолугушуусу башталды