Вашингтон Киевге абадан коргонуучу заманбап каражаттарды берет

Жо Байден

АКШ Украинага аба соккусунан коргонуучу заманбап аскер техникаларын берет. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен сүйлөшүү учурунда айтканын Ак үй билдирди.

Президент Байден Орусиянын Украинанын шаарларын ракета менен аткылоосун сынга алып, Украинага өзүн коргоосуна зарыл техникаларды берүүгө убада кылды. Жо Байден Орусияны украин аймагындагы жосундары үчүн жоопко тартууга өнөктөштөрү менен бирге аракеттенип жатканын белгиледи.

Зеленский Байден менен сүйлөшүүсү жемиштүү болгонун, анда негизги тема - Украинага аба соккусунан коргонуучу системаларды алуу болгонун Телеграм-каналына жазып, "Бул азыр биздин кызматташтыгыбыздын номур биринчи артыкчылыгы", -деп белгиледи.

Орусиянын Украинага баскынчылыгы башталгандан бери Вашингтон Киевге коопсуздук жаатында 17 млрд. долларлык жардам көрсөттү, Москвага экономикалык санкцияларды киргизди.

Дагы караңыз

Президент Жапаров Манаслу чокусуна чыккан альпинисттер менен жолугушту БУУнун чукул жыйынында Украина Орусияны "террорчу" деп айыптады Кытай жана Индия Орусиянын Украинаны аткылоосун сынга алдыКыргыз-өзбек чек арасы: Кыргызстанга кайсы жерлер өтөт? Украинага ракеталык чабуулдар: Путин көпүрө үчүн "өч алганын" айттыПрезидент Жапаров Евробиримдиктин Борбор Азиядагы өкүлүн кабыл алдыКемпир-Абад: тармактык комитет Өзбекстан менен келишимди колдоду Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча комиссиянын жолугушуусу башталды