Ирактагы Күрдистандын парламенти өз мөөнөтүн узартты

Ирактын картасы жана андагы Курдистан аймагынын көрүнүшү.

Ирактын Күрдистан автономдук аймагынын парламенти ушул айдын аягына пландалган шайлоону артка жылдырып, өз мөөнөтүн бир жылга узартты. Бул чечимди парламенттеги 111 өкүлдүн 80и колдоду.

Күрдистан парламентине шайлоо 2023-жылдын аягында өтө турган болду.

Шайлоонун жылдырылышына Күрдистандын демократиялык партиясы менен патриоттук союзунун ортосундагы шайлоо округдарынын чек араларына байланыштуу талашы себеп болду.

Автономдук аймакта бул эки партия бийлик талашууда негизги ролду ойнойт. Биринчи аталган партия аймактын өкмөтүн көзөмөлдөйт. Ал эми экинчи партиянын кишиси Бархам Ахмед Салех жалпы Иракта символикалык кызмат саналган президенттик орунда отурат.

Күрдистан Ирактын жалаң күрд тектүүлөр жашаган автономдук аймагы. Алар Киркук шаарын өздөрүнүн убактылуу борбору деп эсептешет. Автономдук аймакта жалпы 10 миллиондой адам жашайт. Жалпы Иракта калктын саны 40 миллиондон ашык. (ErN)

Дагы караңыз

Сот аткаруучулар 2,9 миллион сомду менчиктеген деп айыпталуудаСот Ырыс Жекшеналиевди 14-декабрга чейин камакта калтырдыИранда нааразылык акцияларына мунай өндүрүүчүлөр кошулду"Мобилизация: армияны же түрмөнү танда"Катар Кыргызстанга эки ГЭС курууга даяр экенин билдирди