Боомдогу жолдун бир тарабы убактылуу жабылат

Боом капчыгайы. Архивдик сүрөт.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 10-14-октябрь күндөрү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 129 чакырымы (Боом капчыгайы) убактылуу жабыларын билдирди. Бул убакыт аралыгында аталган аймактагы темир жолдун боюндагы кооптуу таштар түшүрүлүп, тазаланат.

Мекеменин маалыматында Боом капчыгайында саат 9дан 15:00гө чейин жолдун бир тарабы улам жабылып турары айтылды. Эгер топтолгон автоунаалардын саны 30-40ка жетсе, таш кулатуу иши убактылуу токтотулуп, жол ачылып турат. Бул иштер таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Бишкекти Ысык-Көл жана Нарын облустары менен байланыштыруучу негизги автожолдун 25 чакырымдайы Боом капчыгайы аркылуу өтөт. (КЕ)

Дагы караңыз

Суваналиев Жапаровдун ал жөнүндө айткандарына жооп бердиАк илбирсти коргоого арналган кезектеги марафон өттүТрюдо: Кыргызстан менен жаңы келишим сүйлөшүүлөрүн улантууга даярбызОрусиянын суучулдары Крым көпүрөсүнүн жарылуу болгон жерин изилдей башташты