Кыргызстанда 2040-жылы окуучулардын саны 2 миллионго жетери айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2040-жылы окуучулардын саны 2 миллионго жетет. Бул маалымат “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште коомдук талкуудан өтүп жатканда айтылды.

Эксперттик топтун изилдөөсүнө караганда, Кыргызстанда окуучулардын 60 пайызынын базалык билими жетиштүү деңгээлде эмес.

Эксперт Элдар Абакиров Бишкектин мектептеринде 100 миң окуучуга орун жетпей турганын билдирди. Ал Кыргызстанда бир балага билимине 826 доллар сарпталарын, бюджеттин 25 пайызы билим берүү тармагына кетерин билдирди.

“Түштүк Корея бир окуучуга бир жылына 15 миң доллар коротот. Европа Биримдиги 10 миң доллар, Казакстан 6,4 миң доллар, Монголия 1,7 миң доллар коротот. Бишкекте 90 мектепте 177 миң бала окуйт. 100 миң балага орун жок”, - деди Абакиров.

“Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Жанар Акаев баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан. Мыйзамдын долбоору жарандык коомдун, билим берүү тармагындагы эксперттердин, Министрлер кабинетинин колдоосу менен иштелип чыккан.

Буга чейин "Билим берүү мекемелеринин кеңеши", балдардын билим берүү уюмдарынын бирликтери, KG Analytics коомдук фонду жана Мамлекеттик саясатты анализдөө борбору баштаган уюмдар “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбооруна байланыштуу өлкө бийлигине кайрылуу жолдогон.

Жарандык коомдун мүчөлөрү билим берүү тармагына жигердүү реформа жүргүзүү менен көп маселелерди чечүүгө болорун белгилеп, президент Садыр Жапаровду бул демилгеге көңүл бурууга чакырган.

Өкмөттүн маалыматында быйылкы жылдын беш айында Бишкекте 15 мектеп курулган. Мамлекет 2022-жылы билим берүү тармагына 47 миллиард сом бөлгөнү, кийинки жылы аны 64 миллиард сомго чейин көбөйтүү каралып жатканы кабарланган.

Кыргызстанда ушул тушта 2333 мектеп бар жана окуучулардын жалпы саны 1,5 миллионго чамалайт. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусия элчилигинин астына акцияга чыккандарды милиция кармап кеттиНобелдин тынчтык сыйлыгын орусиялык жана украиналык уюмдар алдыОшто аялын өлтүрүүгө шек саналган жаран изделүүдөАрмения менен Азербайжандын лидерлери Прагада жолукту