АКШ мамкатчысынын жардамчысы Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына кызыкты

Элизабет Кеннеди-Трюдо менен Дайырбек Орунбеков.

Бүгүн, 7-октябрда Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Кеннеди-Трюдо менен президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жолугушту.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда сөз эркиндиги, маалымат каражаттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды. Орунбеков 2022-жылдагы басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде Кыргызстан жети сапка көтөрүлүп, 72-орунга жайгашкандыгын белгиледи.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуядан кийин эл аралык уюмдар менен басма сөз өкүлдөрүнүн Баткендеги талкаланган айылдарга барып келгени тууралуу да маалымат берилди.

АКШ мамкатчысынын жардамчысы Бишкек сапарынын алдында Өзбекстанда болгон.

“Биз Кыргызстандын аймактык стабилдүүлүктү сактоо үчүн жасаган салмактуу, токтоо мамилесин жогору баалайбыз. Кыргызстан маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча региондогу жарык аймак болуп саналат”, - деп белгиледи Трюдо.

Дайырбек Орунбеков жолугушууда ЖМК тууралуу жаңы мыйзам жөнүндө маалымат берди. Ал "ЖМК тууралуу 1992-жылы кабыл алынган мыйзам моралдык жактан эскиргендиктен жаңылоого муктаж" экенин айтты.

Буга чейин президенттик администрациянын коомдук талкууга 28-сентябда чыгарган ЖМК тууралуу жаңы мыйзам долбоору жарандык коомдун чочулоосун жараткан. "Медиа Полиси" институту президенттик администрацияга кайрылып, “Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды. Уюм эгер бул документ кабыл алынса сөз эркиндиги чектелерин, бийликке жакпаган сайттар жабылышы ыктымалдыгын эскерткен.

Жогорку Кеңеш былтыр 28-июлда кезексиз жыйында чоң талаш-тартыш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган. Президент Садыр Жапаров документке бир айга жетпей эле кол коюп, ал күчүнө кирген.

Кыргызстанда бийлик жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык активисттер менен соттошуп, миллиондогон айыпка жыккан, журналисттер камалган учурлар бар. Мындай тажрыйба буга чейинки бийликтердин тушунда да орун алган. (BCh)

Дагы караңыз

Байден Орусия өзөктүк курал колдонушу ыктымалдыгын эскерттиОрусия элчилигинин астына акцияга чыккандарды милиция кармап кетти"Ташкент Кемпир-Абад боюнча берген убадасын аткарган эмес"Нобелдин тынчтык сыйлыгын орусиялык жана украиналык уюмдар алды