Бүгүн, 7-октябрда мамлекет башчы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын өзөктүү маселелерин талкуулады. Жапаров Путинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктаганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Президент Садыр Жапаров иш жадыбалына байланыштуу Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммитине катышпайт. Орусиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине байланыштуу Жапаровдун куттуктоосун жеткирүү үчүн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бармай болгон.
Бейрасмий жыйында Орусия менен Тажикстандын президенттеринин 70 жылдык мааракеси белгиленип, аймактагы туруктуулук, коопсуздук маселелери талкууланары пландалганын орус маалымат каражаттары жазып чыккан. (BCh)
Дагы караңыз
Нобелдин тынчтык сыйлыгын орусиялык жана украиналык уюмдар алды"Ташкент Кемпир-Абад боюнча берген убадасын аткарган эмес"Рим статуту эмнеге керек?Ошто аялын өлтүрүүгө шек саналган жаран изделүүдө