Нобелдин тынчтык сыйлыгын орусиялык жана украиналык уюмдар алды

Алесь Беляцкийдин сүрөтү, Орусиядагы "Мемориал" уюму жана Украинадагы Жарандык эркиндиктерди коргоо борборунун логотиптери.

Орусиядагы "Мемориал" уюму жана Украинадагы Жарандык эркиндиктерди коргоо борбору, беларустук укук коргоочу Алесь Беляцкий Нобелдин тынчтык сыйлыгынын жаңы лауреаттары аталды. Бул тууралуу 7-октябрда Норвегиянын борбору Ослодо жарыяланды.

Мурдагы жылы Нобелдин тынчтык сыйлыгын орусиялык “Новая газета” басылмасынын башкы редактору Дмитрий Муратов жана филлиппиндик журналист Мария Ресса алган.

Муратов сыйлыктын акча каражатын орусиялык кайрымдуулук фонддоруна, гезиттин кызматкерлерине жана Орусиядагы журналисттер жөнүндө фильм тартууга жумшаган. Ал ошондой эле быйыл июнда Нобелдин медалынын өзүн 103,5 миллион долларга сатып, андан түшкөн акчаны БУУнун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана украиналык качкындар менен балдарга жардамга которгон.

Нобелдин тынчтык сыйлыгы 1901-жылдан бери “тынчтыкты бекемдөө иштерине кошкон өзгөчө салым” үчүн ыйгарылып келет. 120 жылдык тарыхта аны 109 кишиге жана 25 уюмга ыйгарышкан. Лауреаттардын арасында 18 аял бар.

Нобелдин тынтчык сыйлыгын СССР менен Орусиянын үч жараны алган. Алар укук коргоочу Андрей Сахаров, СССР президенти Михаил Горбачёв жана “Новая газета” басылмасынын редактору Дмитрий Муратов.

6-октябрда Нобелдин адабият тармагындагы сыйлыгы франциялык жазуучу Анни Эрного ыйгарылды. Апта башынан бери медицина, физика, химия боюнча лауреаттар белгилүү болду. (ErN)

Дагы караңыз

Ошто аялын өлтүрүүгө шек саналган жаран изделүүдөАрмения менен Азербайжандын лидерлери Прагада жолуктуБайден кара куурай сактоого айыпталып соттолгондордун баарына ырайым бердиЗомбулуктун алдын алуу боюнча мыйзам долбоору талкууланды