Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Прагада жолугуп, Европа Биримдигинин жарандык миссиясын өздөрүнүн чек ара тилкелерине жөнөтүүгө макулдук беришти. Бул тууралуу Европа Кеңеши кабарлады.
Кездешүүгө Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель да катышты.
Европа Биримдигинин жарандык миссиясы өз ишин ушул айдын аягында баштайт деп күтүлүүдө. Кабарда айтылгандай, алар чек арада эки айча болот. Алардын изилдөөсү чек араны делимитациялоо боюнча комиссиянын Брюсселде өтө турган отурумдарында келтирилет.
Өткөн айда талаштуу Тоолуу Карабактан тутанган чыр армян-азербайжан чек арасындагы чатакка алып келген. Армения чек арадагы кагылышууда 207 киши курман болгонун же дайынсыз жоголгонун билдирди. Азербайжандын бийлиги соңку кагылышта 79 аскерин жоготконун кабарлаган.
Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.
Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.
Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.
Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)
Дагы караңыз
Зомбулуктун алдын алуу боюнча мыйзам долбоору талкууландыОрунбеков басма сөз катчыларды актуалдуу маселелерге ыкчам жооп берүүгө чакырдыЗапорожьедеги ракеталык соккудан өлгөндөр 11ге жеттиОрусия элчилигинин астына акцияга чыккандарды милиция кармап кеттиКыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетине убактылуу чектөө киргизилди