Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетине убактылуу чектөө кирди

"Достук" өткөрмө бекети. 20-октябрь, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетине убактылуу чектөө киргизилгенин кабарлады.

Чектөө аталган өткөрүү бекетиндеги капиталдык курулуштун аякташы жана андагы имараттын ремонтуна байланыштуу кирип жатканын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта ушул себептен “Достук-автодорожныйда" жарандардын жана автоунаалардын кезеги пайда болушу ыктымалдыгы белгиленген.

Алдын ала маалыматка караганда, “Достук-автодорожный" 6-октябрь күнү 14:00гө чейин жабык турду. Чек ара кызматы жарандарды абалды түшүнүү менен кабыл алып, алдын ала пландап жолго чыгууга үндөдү. (КЕ)

Дагы караңыз

Тажик тарап аксайлыктардын мал-жандык, унааларын өткөрүп бердиCrew Dragon космос кемеси ийгиликтүү учурулдуКыргыз жана тажик ТИМ башчыларынын жолугушуусу өттүМүнхендеги кыргыздар Баткендеги каргашаны айыптаган акция өткөрүштүУлуттук банк чек арадагы жаңжалда сактык кассалары талкаланганын билдирди