Украина футбол боюнча 2030-жылкы Дүйнө чемпионатын өткөрүүгө талапкер болду

Португалия, Испания жана Украинанын өкүлдөрү. Швейцария, 5-октябрь 2022-жыл

Украина футбол боюнча 2030-жылкы Дүйнө чемпионатын өткөрүүнү көздөгөн өлкөлөрдүн тизмесине кошулду. Ага чейин Европанын атынан Испания менен Португалия талапкер болгон.

Украинанын Футбол ассоциациясынын төрагасы Андрей Павелко: "Чемпионатты кабыл алуу - үрөй учурган согуштан аман калган же дагы деле оккупацияда кала берген элдин кыялы. Ал жерлерде жакында кайрадан украин желеги желбирейт", - деп айтты.

Павелко мындай билдирүүнү 5-октябрда Европа футбол ассоциациялар бирикмесинин (УЕФА) Швейцариядагы баш кеңсесинде расмий презентация учурунда жасады.

Украинанын өкүлү долбоорду президент Владимир Зеленский колдогонун кошумчалады. Оюндардын канчасы Украинада жана кайсы шаарларда өтөрү белгисиз.

Эки жыл мурун Испания менен Португалия биринчиликти кабыл алуу ниетин жарыялашкан.

“Эми чемпионатты өткөрүү Ибериянын гана эмес, Европанын сунушу”, - деп айтты Испаниянын Футбол федерациясынын жетекчиси Луис Рубиалес.

Европалык үч өлкөдөн тышкары түштүк америкалык Аргентина, Чили, Парагвай жана Уругвай биргелешип арыз бергени жатышат.

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Дүйнө чемпионатын өткөрө турчу талапкерди 2024-жылы тандамакчы.

Дагы караңыз

ЖКда министрлерди дайындоого макулдук берүүдө талаш-талкуу чыкты ТИМдин өкүлү Рахмондун Путинден орден алышы жөнүндө пикирин билдирдиМадумаров: Кемпир-Абад тууралуу чечимге айрым айылдык депутаттар каршы Тажик тарап аксайлыктардын мал-жандык, унааларын өткөрүп берди