2-3-октябрда Бириккен Араб Эмираттарында жиу-житсу боюнча Азия чемпионаты өтүп, анда кыргызстандык Дархан Эргешов көк кур категориясында 77 килограммга чейинки салмакта күрөштү.
Кыргыз балбаны алгач кувейттик, анголалык, ооганстандык жана сальвадордук атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Чечүүчү беттеште ирактык Ахмед Аланини 2:0 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болду.
Абу-Даби шаарында өткөн жиу-житсу боюнча Азия чемпионатына 15тен ашык өлкөдөн 2000ден ашуун спортчулар катышты. Ага Кыргызстандан жалгыз спортчу - Дархан Эргешов катталган. Мелдештер 30 жашка чейинкилер жана андан жогору жаштагы спортчулар арасында өттү.
Дархан Эргешов 29 жашта. Ал таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча да мелдештерге катышып келет. (GT)
Дагы караңыз
ТИМдин өкүлү Рахмондун Путинден орден алышы жөнүндө пикирин билдирдиМадумаров: Кемпир-Абад тууралуу чечимге айрым айылдык депутаттар каршы Тажик тарап аксайлыктардын мал-жандык, унааларын өткөрүп бердиСанкт-Петербургда 27 кыргызстандык мигрант тамакка ууланды