Чек ара жаңжалында талкаланган 300гө жакын үйдүн орду урандыдан тазаланды

Достук айылы, Баткен. 2022-жыл.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6-октябрдагы маалыматына караганда, облус боюнча 280 үйдүн орду урандыдан тазаланды. Тазалоо иштерине 200дөн ашуун адам тартылып, 55тей техника иштеп жатат. Жарандык коргонуу комиссиялары жабыркаган турак жайларды тактоо иштерин улантууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 335 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик автоунаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 61 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип жаңжалда тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Дүйшөмбү кыйроолор тууралуу расмий билдирүү кылган жок. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

14-17-сентябрда чек арада кан төгүлгөн окуя үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптоодо.(КE)

Дагы караңыз

ТИМдин өкүлү Рахмондун Путинден орден алышы жөнүндө пикирин билдирди"Медиа Полиси" институту ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам кабыл албоого чакырдыПрезидент Жапаров: орусиялыктар экстрадициядан коркпой эле койсо болотПрезидент Жапаров ЖККУ баш катчысы менен чек ара маселесин талкуулады