Баткен облусунда "Илбирс" атайын багыттагы бөлүгүнүн жоокери өзүн көкүрөк тушка атып алды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.
Мекемеден билдиришкендей, жоокер учурда ооруканада. Окуя 5-октябрга караган түнү болгон. Жабырлануучунун абалы жана окуянын чоо-жайы азырынча айтыла элек.
Соңку эки айда кыргыз армиясында кызмат өтөп жаткан төрт аскер каза тапты.
Өткөн айда Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, акыркы беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтеп жатат. (КЕ)
Дагы караңыз
Франциялык кино жылдыздар ирандык аялдарды колдоп чачтарын кескен видео чыгардыБишкек мэриясы автобус сатып алууда 155 млн. сомдук зыян келтиргени айтылдыЖогорку Кеңештин төрагалыгына Шакиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү Викрам Рузахунов ЕККУну Январь окуясын иликтөөгө көңүл бурууга чакырды