Кабулда мечиттин жанындагы жардыруудан эки киши өлдү

30-сентябрдагы жардыруудан кийин. Кабул

Ооган башкалаасындагы мечитте 5-октябрда болгон жардыруудан кеминде эки киши өлүп, 18и жараат алды. Бул тууралуу талибдердин өкмөтү маалымдады. Окуя катуу кайтарылган Ички иштер министрлигинин комплексинин жанында болгон.

Мекеменин басма сөз катчысы Абдул Нафи Такордун айтымында, мечитке министрликтин кызматкерлери көп барчу. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек, тергөө жүрүүдө.

Кайрымдуулук менен алектенген италиялык бейөкмөт уюму Кабулдун ооруканаларына 20 киши түшкөнүн, экөө көз жумганын Твиттерге жазды.

Ооган башкалаасындагы окуу жайда 30-сентябрда болгон кол салуу 53 кишинин, анын ичинен 46 кыз-келиндин өмүрүн алган. Мындай санды БУУ келтирди. Ал эми “Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкүлдөрү 25 кишинин каза тапканын айтууда. Ал жардыруунун артында ким турганы да белгисиз.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу ошол аймакта буга чейин бир нече теракт уюштурган.

Былтыр бийликке кайтып келген талибдер коопсуздукту камсыздоону убада кылып келгени менен акыркы айларда чабуулдар көбөйдү.

Дагы караңыз

Президент Жапаров: орусиялыктар экстрадициядан коркпой эле койсо болотБаткенде өзүн атып алган жоокер ооруканага жаткырылдыФранциялык кино жылдыздар ирандык аялдарды колдоп чачтарын кескен видео чыгардыБишкек мэриясы автобус сатып алууда 155 млн. сомдук зыян келтиргени айтылдыЖогорку Кеңештин төрагалыгына Шакиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү