Франциялык кино жылдыздар, арасында "Оскардын" жеңүүчүлөрү Жюлиет Бинош жана Марион Котийяр ирандык аялдарды колдоо иретинде чачтарын кыркып жаткан видеолорун чыгарышты. Үч жумадан бери Иранда 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнө байланыштуу каршылык акциялары уланууда. Студент кызды полиция хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармап кетип, көз узабай анын көз жумганы айтылган.
Инстаграмда “Иран аялдарын колдоо” деп аталган тайпада #hairforfreedom деген хэштег менен жарык көргөн видеолордо жылдыздар чачтарын кескенин көрүүгө болот.
Видеолор “Махса бир нече тал чачы көрүнүп калганы үчүн өмүр менен кош айтышты” деген жазуунун коштоосунда жарыяланууда.
Ирандын өзүндө жана чет өлкөлөрдө нааразылк акцияларына чыккан кыз-келиндер хижабдарын алып салып, эл алдында чачтарын кесүүдө.
Бир күн мурун франциялык кино өндүрүш тармагында эмгектенген бир миңден ашык киши “ирандык аялдардын көтөрүлүшүн колдоо” петициясына кол койгон.
Дагы караңыз
Викрам Рузахунов ЕККУну Январь окуясын иликтөөгө көңүл бурууга чакырдыЗахарованын сөзүнөн кийин казак ТИМи Орусиянын элчисин чакырдыОрусияда мобилизациядан качууга байланыштуу алгачкы кылмыш иши козголдуТөрөбаев каржы институттарын Баткендеги ишкерлерди колдоого чакырдыШакиев парламентте мурдагы президент Бакиев тууралуу суроого жооп берди