Жылдын мыкты мугалимдери жана тарбиячылары аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги республикалык "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" деп аталган республикалык сынактын жыйынтыгын чыгарды.

Бүгүн, 5-октябрда министрдин биринчи орун басары Талантбек Бекташов билим берүү тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарын тапшырды.

"Жылдын мыкты мугалими" сынагынын жыйынтыгында 1-орунду Ош шаарындагы кыргыз-түрк "Достук" лицейинин окутуучусу Нурсултан Акылбек уулу жеңип алды. Ал эми экинчи орунга Бишкектеги №68 гимназиянын информатика мугалими Гүлзат Мукамбетова ээ болду. Үчүнчү орунду Жалал-Абад шаарындагы №5 гимназиянын химия сабагынын мугалими Максат Абилов утту.

"Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагында 1-орунду Ош шаарындагы "Күн нуру" балдар бакчасынын тарбиячысы Гүлназ Түленбаева жеңип алса, 2-орунга Таластын Манас районундагы "Байчечекей" бала бакчасынын тарбиячысы Мунара Эркинбек кызы татыктуу болду. 3-орунду Алай районундагы №1 бала бакчанын тарбиячысы Арапаткан Түменова алган.

Кыргызстанда 2333 мектеп бар. Аларда 82 миңге чукул мугалим иштейт. 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат.(ZKo)

Дагы караңыз

Кореядагы кыргыздар чек арадагы окуяга байланыштуу тынчтык акциясына чыгыштыЧек арада талкаланган турак жайлардын короолору тазалана баштады"Жыйнаган оокат күлгө айланды". Чек арадагы жаңжалдын чыгымыКемпир-Абад: бийликтин жолугушуусу, Өзгөн элинин талабы Викрам Рузахунов ЕККУну Январь окуясын иликтөөгө көңүл бурууга чакырдыСентябрда Орусиядан 21 мигранттын сөөгү келдиОктябрь окуясына эки жыл: Үмүт жана убада