Ажикеев: Кыргызстанда жыл сайын 400дөй табыгый кырсык катталат

Быйылкы жаз жана жай айлары жаанчыл болуп, бир катар аймактарда сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 5-октябрда Дүйнөлүк банктын Аксель Ван Троценбург баштаган өкүлдөрү менен жолугуп, табыгый кырсыктарга байланыштуу жагдайды, кызматташуу маселелерин талкуулады.

"Ажикеев дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу табигый кырсыктар көбөйүп жатканына токтолуп, Кыргызстанда жыл сайын 400гө жакын табигый мүнөздөгү кырсык катталарын белгиледи. Өлкөдө сел, суу ташкындары жана жер көчкү жүрүү кооптулугу жогору турган аймактар көйгөйгө айланганын, жыл сайын табигый кырсыктар адам өмүрүн алган окуялар менен коштолуп, чыгаша алып келип жатканына токтолду",-деп айтылат расмий маалыматта.

Кыргызстанда төрт миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт жана алардын басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал-Абад облустарына туура келет.

Быйылкы жаз жана жай айлары жаанчыл болуп, бир катар аймактарда сел жүрдү, ондогон турак жай, короо жабыркады, жүздөгөн гектар айдоо аянттарын ташкы суу жууп кетти.

Дагы караңыз

Викрам Рузахунов ЕККУну Январь окуясын иликтөөгө көңүл бурууга чакырдыСентябрда Орусиядан 21 мигранттын сөөгү келдиМинистр Кулубаев элчи Жовтенко менен Украинадагы кырдаалды сүйлөштүУкук коргоочулар ЕККУну кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны иликтөөгө чакырдыАКШ Украинага дагы 625 миллион долларга аскердик жардам берет Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалыгын тапшырды (видео)