Орусиянын президенти Владимир Путин тажик президенти Эмомали Рахмонду "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени менен сыйлады. Мындай жарлык укуктук маалымат порталына 4-октябрда жарыяланды.
Путиндин жарлыгында орден "Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" берилгени жазылган.
Рахмон 2020-жылы октябрда президент болуп бешинчи жолу шайланган жана бийликте турганына 28 жыл болду.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) баштаган бир катар демократиялык институттар Тажикстандагы бир дагы президенттик шайлоону эркин жана демократиялык маанайда өттү деп тааныган эмес.
Ушул жылдын июль айында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусиянын Александр Невский атындагы орденинен баш тарткан. Анын басма сөз катчы Руслан Желдибай анда Токаев президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин жергиликтүү дагы, чет элдик дагы сыйлыктарды алуудан баш тартууну чечкенин билдирген.
Дагы караңыз
ЮСАИД чек арадагы кол салууда жабыркагандарга 8 миллион сом бөлөт ИИМ: Сегиз айда жол кырсыгынан 379 адам каза болдуАкылбек Жапаров: Тажикстандын аракети ЖККУнун беделине шек келтиретБөлтүрүктүн тергөө менен кызматташууга даярдыгын айткан каты жарыяландыОдоно мыйзам бузган айдоочуларды күбөлүктөн ажыратуу сунушталууда