Физика боюнча Нобел сыйлыгын Франция, АКШ, Австриянын окумуштуулары алды

Физика боюнча Нобел сыйлыгы франциялык Ален Аспе, америкалык Жон Клозер жана австриялык Антон Цайлингерге кванттык механика жаатындагы ачылыштар үчүн ыйгарылды.

Окумуштуулар 10 миллион швед кронасын (902,315 доллар) бөлүп алмакчы.

Бир күн мурда медицина жана физиология тармагындагы жеңүүчү деп швециялык биолог Сванте Паабо аталган. Апта соңуна чейин химия, адабият жана тынчтык сыйлыгынын лауреттары аныкталат.

Экономика боюнча жеңүүчү 10-октябрда жарыяланат.

Сыйлыктар адатта 10-декабрда Альфред Нобелдин каза болгон күнүндө тапшырылат.

Дагы караңыз

Акылбек Жапаров: Тажикстандын аракети ЖККУнун беделине шек келтиретКемпир-Абад маселеси: Өзгөндө президент эл менен жолугуп жатат Орус элчилиги мигранттардын мобилизациясы тууралуу кабарды четке какты Каржы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы пара алууга шектелүүдөОрусия оккупацияланган Мариуполду калыбына келтирүүгө тажик мигранттарын жөнөтүүдө