Орусия оккупацияланган Мариуполду калыбына келтирүүгө тажик мигранттарын жөнөтүүдө

Тажик мигранттары Мариуполдо. Украина, сентябрь, 2022-жыл

Орусиянын курулуш компаниялары Украинанын оккупацияланган Мариупол шаарын калыбына келтирүү иштерине тажик мигранттарын тартууда.

Бул тууралуу “Озоди” радиосу маалымдады. Кабарчылар сөзгө тарткандардын айрымдары аларды москвалык “Реставрация” фирмасы жөнөткөнүн айтып беришкен.

Алгачкы айдын акысын көбүрөөк төлөп беришкен. Бирок алдыда да ушундай эле маяна алары күмөндүү экенин билдиришкен.

Жумушчулар кыйраган үйлөрдү калыбына келтирип, оңдоп-түзөө иштери менен алектенип жатканын маалымдашкан.

Маалыматка караганда, мигранттар убактылуу турак жай жана тамак менен камсыздалган. Ошол эле маалда согуштан чочулап Мариуполго барууну каалабагандар да көп.

Тажикстандык канча жумушчу украин шаарына кеткени белгисиз. Тажикстандын Москвадагы элчилиги орус бийлигинен эч кандай расмий маалымдама түшпөгөнүн жана мекендештерге кооптуу аймактарга баруудан карманууну эскерткенин билдирди.

Дагы караңыз

Аба ырайы: тоолуу райондорго кар жаайтКемпир-Абад: бийликтин жолугушуусу, Өзгөн элинин талабы Түндүк Корея Жапония тарапка баллистикалык ракета аттыКиев: аскерлер алга жылып, бир топ айыл-кыштактарды бошотту