Түндүк Корея 4-октябрда Жапония тарапка баллистикалык ракета атты.
Буга чейин Пхеньян ушундай эле кадамга мындан беш жыл мурда барган. Жапон бийлиги ракетадан коргонуу системасын активдештирип, элди коопсуз жайларга жашынуу көрсөтмөсүн берди. Премьер-министр Фумио Кисида муну "зомбулук аракети" деп сыпаттады.
Түндүк Корея ушуну менен 10 күндүн ичинде беш ракета атты.
Түштүк Кореянын билдиргенине караганда бул жолку ракета 4 500 чакырым аралыкка учууга кудуреттүү. Сеул бул балким Пхеньян үчүн жаңы рекорд деп эсептейт.
Түштүк Кореянын президенти кошуна өлкөнү БУУнун нормаларын бузган “чагым” үчүн айыптады жана “катаң жооп кайтарыларын” эскертти. Европа Биримдигинин жетекчиси Шарль Мишель ракета учурууну “актоого мүмкүн болбогон агрессия” деп атады.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө “акылга сыйбаган жана опурталдуу” иш, “жапон коомуна кабыл алынгыс коркунуч жаратууда” деп айтылат.
Жапония жана Түштүк Кореяда америкалык аскердик базалар жайгашкан.
Дагы караңыз
Кемпир-Абад: бийликтин жолугушуусу, Өзгөн элинин талабы Кемпир-Абад маселеси: президент Жапаров менен жолугушуудан улам талаш чыкты ЖК комитети Тилек Текебаевдин талапкерлигин министрликке жактырды