Киев: аскерлер алга жылып, бир топ айыл-кыштактарды бошотту

Лиман шаары бошотулгандан кийин. 3-октябрь, 2022-жыл

Украин президенти Владимир Зеленский армия алдыга жылып, бир топ айыл-кыштактарды бошотконун билдирди.

Украинанын башка жетекчилери жана орусиячыл жикчилдер Киевдин күчтөрү түштүк аймактарда бир нече жерди кайтарып алып, стратегиялык Днепр дарыясын көздөй жылып жатканын айтышууда.

Дүйшөмбүнүн кечиндеги кайрылуусунда Зеленский: “Баскынчылар качууга аракеттенүүдө, барган сайын көбүрөөк жоготууларга учурап жатат, Орусия Украинага каршы согуш ачуу менен чоң ката кетиргенин түшүнгөндөр көбөйүүдө”, - деп белгиледи.

Бир күн мурда президент аскерлер Донецк облусундагы стратегиялык Лиман шаарын кайтарып алганын билдирген.

Майдандагы мындай жеңиш орус президенти Владимир Путин кошуна өлкөнүн төрт аймагын аннексиялап алгандан кийин болуп отурат.

Киев жана Батыш бул кадамды мыйзамсыз жана жасалма деп айыпташты.

Дагы караңыз

Султанбаев Өзгөндө президент Жапаров менен жолугушуудагы чектөөнү четке какты Кемпир-Абад: бийликтин жолугушуусу, Өзгөн элинин талабы Кемпир-Абад маселеси: президент Жапаров менен жолугушуудан улам талаш чыкты